- Lektsia - бесплатные рефераты, доклады, курсовые работы, контрольные и дипломы для студентов - https://lektsia.info -

Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке.



 

Эгерде тиркемелер өзүнчө китепче түрүндө болсо, анда барактын саны көрсөтүлбөйт[8].

 

Документти аткаргандыгы жана көктөмөгө жөнөтүлгөндүгү жөнүндөгү белги

Документтин “аткарылгандыгы жөнүндө белги” маалым дареги аткаруучунун аты-жөнүнөн жана анын телефон номеринен турат да, ал чыккан иш кагаздарына коюлуучу белги болуп саналат. Иш кагазындагы мындай белги документти даярдаган адам менен байланышууга жана козголуп жаткан маселелени тактоого же түшүндүрмө алууга шарт түзөт. МАМСТ 6.38-90 боюнча мындай маалым дарек иш кагазынын акыркы барагынын бет жагына же анын арт жагына, ылдыйкы сол бурчка кичине арип менен жазылат. Мисалы:

Аткарган М.Тагаев

Тел: 36 84 42

Мында Тагаев - документти аткарган адамдын фамилиясы, 36 84 42 анын телефон номери.

Зарыл учурда жана жашыруун документтерде, документти терген катчы адамдын индекси, басылган нускаларынын саны, күнү, айы, жылы аткаруучунун аты-жөнүнөн кийин берилши мүмкүн[9]. Мисалы: документ 2012-жылдын 6-мартында 3 нускада Базаралиева Гүлзат деген катчы тарабынан терилди дейли:

Аткарган М.Тагаев

Тел: 36 84 42

БГ 3 06.03.12.

Мында БГ – катчынын индекси. Ал Базаралиева Гүлзат, аты менен фамилиясы баш тамгаларынан кыскартылып берилди, 3 - терилген иш кагаздын нускасынын саны, калган дата (күнү, айы, жылы) коюлду.

Иш кагазын аткаргандыгы жана аны көктөмөгө жөнөткөндүгү жөнүндөгү белги, маселе чечилер жана документти жөнөтөр замат коюлат. Ал “Көктөмөгө” сөзүнөн, документ тиркеле турган көктөмөнүн номеринен, документти аткаруу жөнүндө кыскача маалыматтан, колдон жана датадан (күнү, айы, жылы) турат. Ал документтин сол тарабынан ылдыйкы талаасына коюлат. Мисалы:

Көктөмөгө 04-8/110 16.08.09

Ф.Иманалиева 17.08.09

 

Көзөмөл жөнүндө белги

Мындай маалым дарек аткарууну талап кылган жана көзөмөлгө алына турган иш кагаздарына коюлат. Көзөмөл белгиси К тамгасынан же Көзөмөл бурч мөөрүнөн документтин аталышы менен бирдей деңгээлде барактын сол тарабына же атайын бөлүнгөн терезеге коюлат. Терезенин өлчөмү 16х18 мм болот[10]. Мисалы:

 

  КАпрель элдик ревоюциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу  

 

Же:

  Апрель элдик ревоюциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу
Көзөмөл

 

 

 

 

Барактарга номер коюу

Иш кагаздарына номер коюлат. Документ бир барактан турса, ага номер коюлбайт. Бир нече барактан турган документтерге номер араб цифрасы менен эч кандай сызыкчасыз жана чекитсиз коюлат. Ал барактын ортосунан жогорку талаадан 10-15 мм аралыкта орун алат.

 

Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо

Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо – анын маалым даректерин кайрадан жазуу. Көчүрмө уюмдун же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин уруксаты боюнча даярдалат.

Ар бир мекеме өзүндө түзүлгөн иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн гана күбөлөндүрө алат. Бул эреже архивдик жана нотариат уюмдарына таралбайт. Жарандарды жумушка, окууга алууга, алардын эмгектик, жашоо-тиричилик ж.б. укуктарын канааттандырууга тиешелүү иштерди чечүүдө мекемеге башка мекемелер берген дипломдордун, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн ж.б. көчүрмөлөрүн даярдоого уруксат берилет.

Иш кагазынын көчүрмөсү көчүрмөнү даярдаган уюмдун бланкына түшүрүлөт. Ал көчүрмөгө анын тууралыгын күбөлөндүргөн кызмат адамынын колу коюлат. Эгерде көчүрмө бланкка түшүрүлбөсө, аны көчүрүүдө чыныгы көчүрүлүп жаткан бланктын тексти толук бойдон кайра сакталат. Иш кагазынын көчүрмөсүнүн белгиси “Алуучу” маалым дарегинин үстүнө же биринчи беттин оң жак жогорку бурчуна “КӨЧҮРМӨ” деген белги коюлат[11]:

 

Көчүрмө Эмгек китепчеси

 

Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты-жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат. Мисалы:

 

Анык Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч. Жуманова 16.08.78

 

Көчүрмө башка мекемеге жөнөтүлгөндө же талап кылган адамга берилгенде гербдүү мөөр басылат.

Иш кагаздары менен иштөө анда коюлган талаптарды так аткарууну, бекитилген эрежелерди туура сактоону талап кылат. Ал эми иш кагаздары менен иштөөнү уюштуруу өзүнүн кучагына иш кагаздарын жүгүртүү, жогоруда берилген иш кагаздарын каттоо, иш кагаздарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу, жарандар менен иш алып баруу, иш кагаздарын аткаруунун мөөнөтү, иш кагаздарынын аткарылышын тескөө, иш номенклатурасын түзүү, көктөмөлөрдү даярдоо, аларды архивге өткөрүү ж.б.у.с. процесстерди камтыйт. Иш кагаздары менен иштөө мекемеде туура уюштурулса, мекемедеги жумуш процессинин так жана өз убагында аткарылышына шарт түзүлөт.

 

Иш кагаздарын аткаруунун мөөнөтү.

Иш кагаздарында көрсөтүлгөн маселени аткаруунун мөөнөтү документтин текстинде же жетекчинин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аткарылат. Башкача айтканда, иш кагазын аткаруунун мөөнөтү ошол иш кагазынын текстинин мазмунунда берилет. Өкмөт тарабынан айрым учурда тез (срочный) деген белги менен иш кагаздар келиши мүмкүн. Мындай иш кагаздары документте көрсөтүлгөн мөөнөткө карата же 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде документте козголгон маселе чечилип, жооп кайтарылууга тийиш. Документти аткаруу мөөнөтү ага кол коюлган күндөн, ал эми башка мекемелерден түшкөн иш кагаздары ошол түшкөн күндөн тартып эсептелет. Иш кагаздарын аткаруу мөөнөтү типтүү жана жеке болушу мүмкүн. Эгерде документ шашылыш болбосо, иш кагаздарынын типтүү аткаруу мөөнөтү он күндөн ашпашы керек.

Аткаруунун жеке мөөнөтүн мекеме жетекчиси коюп, резолюцияда белгилейт. Тескеме жана коллегиялуу органдардын иш кагаздарындагы берилген тапшырмалардын ар бир пунктуна өз-өзүнчө аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт. Иш кагаздарынын аткаруу мөөнөтүн узартуу жетекчинин көрсөтмөсү менен же ошол мөөнөттү койгон мекеменин уруксаты менен узартылат[12].

Жеке-уюштуруу иш кагаздары

Арыз

(Заявление)

Арыз-жеке адам, жамаат, мекеме, уюм тарабынан зарыл болгон тарапка мекеменин жетекчисине, белгилүү бир адамга сураныч, сунуш, арыздануу маанисинде жазылган иш кагазы.

Арыз-сураныч, сунуш, арыздануу, ж.б. мазмунунда жазылат. Адамдын жашоо, иштөө процессинде ар кандай кырдаалдарга байланыштуу арызды түрдүү мазмунда жазууга туура келет. Ошого байланыштуу арыздын төмөндөгүдөй түрлөрү колдонулат:

Арыздын кайсы түр экендигине карабай жалпысынан төмөндөгүдөй маалымдаректер (реквизиттер) колдонулат:

1-маалым даректе мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы жана аты, жөнү жазылат. Жетекчинин аты жана атасынын аты кыскартылып, фамилиядан мурда жазылат. Фамилиясы барыш жөндөмөдө толугу менен жазылат. Мисалы, У.О. Осмонбековага

Жетекчинин аты-жөнүнөн мурда илимий даражасы, наамы берилет. Мисалы, филология илимдеринин доктору, профессор А.М. Молдокановго

2-маалым даректе арыздануучунун кайсы жерде, ким болуп иштери, же кайда жашары, аты, атасынын аты кыскартылып же толук атооч жөндөмөдө фамилиясы чыгыш жөндөмөдө толук жазылат. Мисалы, Аалы Молдоканович МолдокановдонжеА. М. Молдокановдон

3-маалым даректеиш кагазынын аталышы тексттин ортосуна баш тамга менен жазылат: (Арыз)

4-маалымдарек-тексттин мазмунуна коюлуучу талаптарды өзүнө камтыйт. Текстте арыздануучунун ою расмий стилде так, кыска, түшүнүктүү жазылат. Арыздын тексттинде улам башка ойго өткөн сайын абзацтан жазылууга тийиш.

5-маалым даректеарызга далил катары же керектөөгө ылайык ар кандай иш кагаздарынын көчүрмөлөрү тиркелет. Арыздын тексттинин аягына абзацтан «Тиркеме» деген термин менен номурланып тиркеменин канча бет экендиги жазылат.

6-маалым даректеарыз жазылган айы, күнү, жылы алты сан менен же сан, сөз менен жазылат: 04.02.12 же 2012-жылдын 4-февралы.

7-маалым даректеарыздануучунун колу коюлат.

8-маалым даректеарыздануучунун аты жана фамилиясы көрсөтүлөт.

9-маалым даректемекеменин айрым тиешелүү кызматкерлеринин арыз менен таанышкандыгы жөнүндө, арыздын текстинин мазмунуна карата пикирлерин туюнткан кол белги коюлушу мүмкүн.

10-маалым даректеарыздын индекси белгиленет. Ал каттоо журналына түшүрүлөт жана ал белги аркылуу арыздын текстинде козголгон маселенин ишке ашырылышы көзөмөлдөнөт.

Маалымдаректердин аралыгы бири-биринен даана айырмаланып турушу керек. Жетекчинин резолюциясы барактын жогорку сол жак бурчундагы бош орунга коюлат.

Арыздын төмөндөгүдөй түрлөрү болот:

Өтүнүч арызы

Өтүнүч (сураныч) арыздары:жарандар ар кандай кырдаалда өзгөрүүлөргө байланыштуу жашоосуна, ишине байланышкан мисалы, балдар бакчасына кирүүгө, мектепке кирүүгө, жумушка кирүүдө, жумуштан бошонууда, кызматкерлер, жеке ишкерлер өздөрүнүн ишине байланыштуу, студенттер башка адистикке которулууда, окуунун акысын төлөөдө, жеӊилдик алуу үчүн ж.б. кырдаалдарда колдонулат.

1. Өтүнүч арызы

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун 12-үй 44-батиринин жашоочусу К. А. Дүйшеевден   Арыз Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этүүӊүздү өтүнөм.   05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев

2.Эмгек өргүү арызы.

Эмгек өргүү арыздары –кызматкерлер эмгек, декреттик, кезексиз өргүүлөргө

чыкканда, кызматына кайра киргенде жазылат.

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. Калмаматовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын изилдөө бөлүмүнүн серепчиси, Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунун 19-үй, 57-батиринин тургуну Ш. К. Айылчиевден Арыз Мага ден соолугумду чыӊдоого байланыштуу 2011-жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин кезексиз эмгек өргүү берүүӊүздү суранам. Тиркеме:1. Дарт аныктаманын көчүрмөсү. (1 бет)   28.02.12. (колу) Ш. К. Айылчиев  

 

Жарандар кызматтан эмгек тартиби боюнча же кезексиз өргүүгө чыкканда жазылат

Кыргыз Республикасынын Президетине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Котормо, терминология, жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдон   Арыз   2011-жылдын 26-июлунан баштап кезектеги эмгек өргүүгө чыгууга уруксаат берүүнүздү өтүнөм. 25. 07. 2011-ж. (колу) А. Молдоканов

3.Эмгек өргүүсүнөн кайтуу арызы

Кызматкерлер эмгек өргүүсүнөн кайра кызматка киришүү үчүн жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик В. И. Нефадьевге кыргыз тили кафедрасынын доценти, Г. А. Васильковадан Арыз   Мени эмгек өргүүсүнөн кийин 2011- 2012-окуу жылынын 1-сентябрынан баштап өз кызматына киришти деп эсептөөӊүздү суранам.   23.09.2012-ж. (колу) Г. А. Василькова  

4. Жумушка кирүү арызы

Жарандар кызматка же жумушка кирүүдө мекеменин жетекчисинин атына жазылат.

Кырыгыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р. М. Момбековго Аламүдүн-1 кичи районунун №64 үйдүн 7-батирини тургуну Бирназарова Гүлмирадан Арыз Мени Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Иш кагаздары, кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчылыгына кызматка кабыл алууӊузду өтүнөм.   «Тиркеме»:1. Дипломдун көчүрмөсү (6 бет)   09.02.12 (колу) Г. Бирназарова

Топтук арыз

Жогорку органдарга, жергиликтүү бийликке, айылдык кеӊешке, айыл өкмөтүнө айрым учурда көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч, доо түрүндө арыз жазылат.

Бүткүл дүйнөүк Мусулман жаштары Ассамблеясынын президенти Мырза Саид Баюмиге Чүй областынын Таш-Дөбө айылындагы кургак учукка каршы бейтапкананын дарылануучуларынан Арыз Биздин ооруканада жүзгө жакын бейтаптар кургак учук дарты боюнча дарыланып жатат. Булардын 30га жакыны өспүрүм курактагылар. Оорудан сакаюу үчүн күчтүү дары-дармек жана кубаттуу тамак-аш керектелет. Бирок биздин бейтапканага мамлекет тарабынан жогорудагы талаптарды аткарып, аларды камсыз кылууга ылайык каражат бөлүнгөн жок. Бир күнгө болгону 60 сом бөлүнгөн. Сизди элибиз журтубуздун эртеӊки келечегин ойлогон, мекенчил жигити катары тааныйт. Бул көйгөйгө сиздин көмөк көрсөтүүӊүзгө ишенебиз.    

Которулуу арызы.

Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Бажы кызматынын торагасы К.К. Кулматовго улук инспектор У.Усманжановдон     Арыз Менин Сизге кайрылуумдун себеби, оз каалоомо байланыштуу мени котрабандалык башкы башкармалык кызматына которууӊузду суранамын.   Тиркелет:Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет) 09.11.2011. (колу) У.Усманжанов

Арызды жеке адамдар гана жазбастан, мекеме, уюмдар да жазат мындай арыздар жеке киши жазган арыздан айырмаланып, жоопко тартуу, доо койгон мазмунда болушу мүмкүн.

Кызмат арыздары, адатта, атайын иш кагаздарына жазылат. Эгерде мекеменин андай иш кагазына жазылбаса, андай кызмат арызына штамп (төрт бурчтуу мөөр) коюлат.

Доо арызы

Бул арыз башка бир мекемеден же уюмдан тиешелүү товарын, мал-мүлкүн өндүрүп берүү жөнүндө сотторго жазылат.

Уюмдар арасында түзүлгөн келишим боюнча экинчи тараптын эскертүүсү жоопсуз калтырылса, же ал толук канаттандырылбаган учурда да доо арызы жазылат.

Мындай доо арыздарынын адаттагы арыздардан мазмуну башкачараак болот. Доо арызынын негизги маалым даректери төмөнкүлөр:

1. Кайрылган мекеменин аты, иштин түзүлгөн убагы жана катар номуру көрсөтүлгөн штамп;

2. Соттун дареги же мамлекеттик мекеменин аты (барактын жарымынан баштап, оӊ жагына жазылат);

3. Доогердин толук аталышы жана дареги;

4. Жоопкердин толук аталышы жана дареги;

5. Доонун суммасы;

6. Документтин аталышы (доо арызы)

7. Доо арызынын мазмуну. Текстте доогер эмненин негизинде доо коюп жаткандыгын, жоопкердин эскерткен кайрылуусуна берилген жоопту канааттандырбагандыгы, келишимди аткарууга жоопкердин туура эмес мамилеси толук, далил аркылуу так көрсөтүлүшү зарыл;

8. Тиркеме, аткарылган иш кагаздары;

  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Доочу: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Мамакеева Замира Токторбековна Жоопкер: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн 17 үйүнүн тургуну Садыбакасова Калыйпа Шаршеновна   Доо арызы Мен, Мамакеева Замира Токторбековна 18 жылдан бери Садыбакасова Калыйпа менен коңшу жашаймын. 1994-жылдын 30-августунда чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоонун чечиминде көрсөтүлгөн мага тиешелүү жер тилкенин 1 (бир) сотых жер тилкесин К. Садыбакасова кошо тосуп алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия акт түзгөн. Мага тиешелүү жер тилкени бөлүп берүүнү коңшум Садыбакасова Калыя аткарбай койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан ушул маселени туура чечип берүүнү суранам.   Тиркеме: 1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты; 2. Жер тилкесинин фотосүрөтү.   З. Мамакеева 03.03.2012